Төрт партия биригип Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Архив
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын жар салган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Ата Мекен", "Реформа", "Республика" жана "Бир бол" партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү.

Аталган саясий партиялар "Акыркы үмүт" деп аталган меморандум кабыл алышкан. Анда саясатчы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.

Эске салсак, эркиндикке чыккан Садыр Жапаров өзүн легитимдүү премьер-министр деп эсептей турганын айтып, иштеп баштаганын жар салган. Кечээ анын өкмөт башчынын кабинетинен түшкөн сүрөтү соцтармакта пайда болгон.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала электигин да белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0