Парламенттин кезексиз жыйыны эмнеге кечеңдеп жатканы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү маселелерин талкууламакчы. Кечээ, 7-октябрда, эл өкүлдөрү жолугууга аракет жасап, бирок үзгүлтүккө учураган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын кечеңдеп жатышынын негизги себеби — фракция лидерлери, депутаттык топтор менен сүйлөшүүлөр оор болууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков төрага Мыктыбек Абдылдаев менен импичмент маселесин телефон аркылуу талкуулады. Төрага айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскерткен.

Учурда коомчулук Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын күтүп турган кези. Анда абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү маселелери талкууланмакчы. Кечээ, 7-октябрда, депутаттардын жолугушуусу үзгүлтүккө учураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0