Спикер Жээнбековго: депутаттар президентти кызматтан четтетүү аракетин баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдалдаев. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдалдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулаганы айтылган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Бул тууралуу төрага Мыктыбек Абдылдаевге шилтеме берип парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулаганы айтылган

"Төрага ушу тапта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти", — деди маалымат кызматынын башчысы.

Муну менен катар Абдылдаев президентке "кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароо керек" экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0