Чек арачыларга жогорку кызматтагы аткаминерлерди сыртка чыгарбоону тапшырышты

Жазылуу
Маалыматта чет өлкөгө чыгууну чектөө "кызыкдар болгон тиешелүү органдар" тарабынан коюлганы айтылды.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматына жогорку кызматтагы аткаминерлерди чет өлкөгө чыгарбоо боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматта Чек ара кызматына "КРдин мыйзамдарына ылайык, тиешелүү органдар тарабынан бир катар жактарга өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсүнө тыюу салуу" боюнча тапшырма берилгендиги айтылган.

Сооронбай Жээнбеков: саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтөм. Видео

Аталган тапшырманы кабыл алып жана аткаруу тартиби өлкөнүн тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынарын аталган кызматтан кошумчалашты.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Өмүрбек Суваналиев Кыргызстан чек арасын жапкандыгын жана күч түзүмдөрү абалды көзөмөлгө алганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0