Курсан Асановдун издөө жарыяланган уулу Кыргызстанга кайтты

© Фото / предоставлено Мухаммед-Али АсановымМухаммед-Али Асанов. Архив
Мухаммед-Али Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйында ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Асанов баласы АКШда өз күчү менен билим алганын кошумчалады.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 2019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, былтыр августта Башкы прокуратура Курсан Асановдун уулуна буюм далилдер берилип жатканы тартылды делген видео жарыялаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал буюмдарды Атамбаевдин үйүнөн 8-август күнү Курсан Асанов алып чыгып, жансакчылар аркылуу Мухаммед-Алиге берген. Андан кийин Аскер прокуратурасы Асановдун уулу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

Курсан Асановдун издөөгө алынган уулу Мухаммед-Али тууралуу эмне белгилүү

Курсан Асанов 2019-жылы "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды жана ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан алынган. ИИМ Атамбаевдин үйүн басып кирүүдө Асанов министрдин айтканын кулак сыртынан кетирип, укугу жок болсо да өзүм билемдик менен иш кылганын айтып чыккан болчу. Ага, мындан тышкары, Атамбаев менен сүйлөшүүдө өзүн пиар кылган деген да кине коюлган эле. Асанов айтылгандын баарын четке кагып, "милдетин гана аткарганын, эч убакта жеке кызыкчылыгын мамлекеттикининен жогору койбогонун" билдирип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0