Ошто бийлик талаш бүтө элек. Шаардагы азыркы абал кандай

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында нааразычылык акциясы
Ош шаарында нааразычылык акциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунда мэр жана өкмөттүн өкүлүнүн кызматы ушу тапта талашта. Бир нече киши сунушталып, чуркап жатышат. Арасында өзүн-өзү мэр жарыялап алгандары да бар.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош облусунда жана Ош шаарында бийлик талаш токтой элек.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусунда жана Ош шаарында бийлик талаш токтой элек
Ошто бийлик талаш бүтө элек. Шаардагы азыркы абал кандай - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда жана Ош шаарында бийлик талаш токтой элек

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдиргендей, азыр борбордук аянтка 200дөй киши чогулуп, алар Оштун мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовду кайра кызматына кайтаруу талабын коюшууда.

Эске салсак, буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

6-октябрда кечинде муниципалитеттин имаратына Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду Ош шаарынын мэринин ордуна сунуштап 200 киши келген. Алар мэрдин кабинетинин иш бөлмөсүнө киргенден кийин Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Эске салсак, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин депутаты.

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Бирок кечээ митингге чыккандардын көбү бул орунга мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду сунушташкан. Мырзакматов Кыргызстанга келип, чогулган эл менен жолугуп кызматын тапшырган экс-мэр Таалайбек Сарыбашов жана анын ордун ээлеп алган Дүйшөн Төрөкулов менен да сүйлөшө турганын белгилеген.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да талашта. Кабарчынын айтымында, бул кызматты Жогорку Кеңеште бөлүм башчы болуп иштеген Төлөгөн Келдибаев ээлеп алган. Бирок көп өтпөй ал жакка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Калмамат Анапияев барып, Келдибаевди ур-соккуга алып, креслону тартып алган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, Ошто кечээ өткөрүлгөн митингден кийин талап-тоноо фактысы катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0