БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында болуп жаткан митингге Өмүрбек Бабанов баштаган бир катар саясатчылар келген. Бирок жаштар аларга сөз берген жок.
Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Жаштар саясатта көп убакыттан бери жүргөн адамдарды трибунага жакын жолотушкан жок.
Буга чейин митингчилердин алдына "Ата Мекен", "Замандаш", "Реформа", "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.
Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын
Чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарынан жыйын өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылышууда.
Эске салсак, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Алардын талабы — бийликке жаштарды алып келүү.
Чогулгандардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн жаштар тикеси менен тик турушкан.