"Чоң казаттын" мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу

© Фото / пресс-служба партии "Чон казат""Чоң казат" саясий уюмунун лидери Максат Мамытканов. Архив
Чоң казат саясий уюмунун лидери Максат Мамытканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиянын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган эле.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Журналисттер "Чоң казат" саясий уюмунун лидери Максат Мамыткановдон партиялаштары ири мамлекеттик кызматтарды жетектеп алганы тууралуу сурашты.

Мамытканов Координациялык кеңештин жыйынында сүйлөгөн.

Белгилей кетсек, "Чоң казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган.

Бишкек мэринин милдетин аткарган Коеналиевдин ордуна башкасы келди

Партия жетекчиси суроого жооп берип жатып "жетекчилер качып кеткен" мамлекеттик органдар бар экенин белгиледи.

"Сыймык Жапыкеев юридикалык жактан бекитилген жок. Бирок мыйзамсыздыкты алдын алуу үчүн жана прокуратуранын айрым иштери жүрүп турушу үчүн иштеп жатат", — деди "Чоң Казаттын" лидери.

Ал эми Касымбеков Саламаттык сактоо министрлигинде эмес, партиялаштарынын арасында жүргөнүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0