Бишкек мэринин милдетин аткарган Коеналиевдин ордуна башкасы келди

© Фото / пресс-служба партии "Республика"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Республика" Жоошбек Коеналиев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Республика Жоошбек Коеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоошбек Коеналиев мэрдин милдетин бир суткага жетпеген убакыт аткарды. Координациялык кеңеш анын ордуна башканы коюуну чечти.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жоошбек Коеналиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болбой калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына мэриядан билдиришти.

Эске салсак, 6-октябрь күнү эртең менен Коеналиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Чечимди шаардагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн Координациялык кеңеш кабыл алган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Коеналиевди кызматка коюп кайра алуу аргасыздан жасалды.

"Коеналиевдин негизги милдети мэриянын имаратын сактап калуу болчу. Жогорку Кеңеш эмне болгонун баары көрдү да, биз андай көрүнүшкө жол бербешибиз керек эле. Коеналиев эртеден-кечке муниципалдык кызматтар менен иш алып барды. Мындан сырткары, имараттарды кайтарган элдик кошуун түзүлдү", — дешти мэриядан.

Координациялык кеңеш убактылуу мэр катары Мирлан Бакетаевди бекитти.

Жаңылыктар түрмөгү
0