Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөттү

© Фото / пресс-служба ЖК КРКыргызстандын премьер-министри болуп шайланган Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын премьер-министри болуп шайланган Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Мыктыбек Абылдаев Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызын көрсөткөн.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды.

Жаңы эле парламентке төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев Жапаров сот тарабынан акталганын билдирди.

Жыйынга келген 62 депутат Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти. 

Эске салсак, бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Достук” мейманканасына чогулуп, кезексиз сессиясын башташты. Анда жаңы шайланган төрага Мыктыбек Абдылдаев Кубатбек Боронов премьерликтен кетүү боюнча жазган арызын көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0