Мирлан Бакиров: БШКнын чыгарган жыйынтыгына макулмун

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Мирлан Бакиров
Депутат ЖК Мирлан Бакиров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн депутаттардын кезексиз жыйыны болору айтылган. Бирок ондой гана депутат келип, кворум түзүлбөй калды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин колдой турганын билдирди.

Бүгүн, 6-октябрда, депутаттардын кезексиз жыйыны болору айтылган. Бирок ондой гана депутат келип, кворум түзүлбөй калгандыктан жыйын болбой калды.

Депутат Мирлан Бакиров сыртка чыкканда журналисттердин бири "парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган БШКнын чечимин колдойсузбу?" деген суроо узатты.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынга чогулуу аракети. Түз эфир

Бакиров жооп берип жатып көпчүлүк шайлоо участкаларында майда мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине макулмун", — деди Бакиров.

Ал эми митингчилер боюнча суроо узатылганда "элдин пикири менен дагы макулмун" деп жооп берди. Ал ошондой эле партиялашы Искендер Матраимов кайда экенин билбей турганын кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0