Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаЖалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев. Архив
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мураталиевдин кызматын орун басары Нуртилек Орозбаев убактылуу ээледи. Өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу мамлекеттик мекемелердин жетекчилери арызын жазып кетүүдө.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Ошол эле учурда шаардык кеңештин чечими менен Нуртилек Орозбаев убактылуу калаа башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин мэрдин орун басары болуп иштеп келе жаткан.

Мындан сырткары, шаардык кеңештин депутаттары "Тынчтык" коалициясын түзүштү.

Бишкек мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Эске сала кетсек, Мураталы Тагаев 2018-жылдын 11-июнунан тарта Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0