Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына ондой гана депутат келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кенештин жыйынында депутат. Архив
Жогорку Кенештин жыйынында депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саат 16.00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулмак. Учурда жерине барган журналисттер жыйынды күтүп жатышат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынына кворум жок болуп жаткандыктан, ал болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу кабарлады.

"Достук" мейманканасындагы кезексиз жыйын болбой калышы мүмкүн. Анткени он чакты гана депутат келди", — деди Нуракун уулу.

Эске салсак, бүгүн саат 16.00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулмак.

Буга чейин Координациялык кеңеш Жогорку Кеңеш чогулуп элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу керек экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0