Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогула турган болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүБишкектеги "Достук" гостиницасы. Архив
Бишкектеги Достук гостиницасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Координациялык кеңеш Жогорку Кеңеш чогулуп, элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу керек экенин айткан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн саат 16.00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Жыйын Бишкектеги "Достук" мейманканасында өтөрү айтылды.

Буга чейин Координациялык кеңеш Жогорку Кеңеш чогулуп, элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу керек экенин айткан

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0