Координациялык кеңеш: ЖК чогулуп элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу зарыл

© Sputnik / Эмиль СадыровӨкмөттүн имараты. Архив
Өкмөттүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сегиз партиянын өкүлдөрүнөн турган Координациялык кеңеш Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Учурда Жогорку Кеңеш чогулуп, элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу керек. Анткени тез арада мыйзам талаасына кайтышыбыз зарыл. Мындай пикирин Координациялык кеңештин маалымат жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Журналисттер партия лидерлеринен өлкөнүн мындан аркы тагдыры кандай болорун сурашты.

"Жогорку Кеңеш чогулуп, элдик ишеним өкмөтүн дайындоосу зарыл. Ошондо гана биз мыйзам талаасына кайтып, туура иш кылган болобуз. Эл аралык коомчулук дагы ошондо тааныйт бизди", — деди Мадумаров.

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты.

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0