Баткендин башчысы Абдрахманов да кызматтан кетүүгө арыз жазды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов. Архив
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алишер Абдрахманов иштен четтеген төртүнчү облус жетекчиси болду. Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кызматын тапшырышкан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арызын жазды. Кабарды өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

Абдрахманов иштен четтеген төртүнчү облус жетекчиси болду. Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев жана Балбак Түлөбаев кызматын тапшырышкан.

Бишкек мэринин кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алды

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0