Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков "Форумда" эл менен жолугат

Жазылуу
Митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков да чыккан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков түштө "Форум" имаратында эл менен жолугушат. Бул тууралуу маалыматты алардын тарапташы Шаиста Шатманова тастыктады.

Атамбаевдин жолугушуусу саат 14:00гө пландалган. Ал эми Исаковдуку азырынча белгисиз.

Жыйналган эл, жылмайган Атамбаев. Экс-ажонун абактан чыккан видеосу

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылышкан. Кийин Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков да чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0