Өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатат

Жазылуу
Учурда тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барып жатат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өзгөчө режимде иштеп жатканын билдирди.

Ага ылайык, тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

"Өкмөт саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелени тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. Элдин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, ошондой эле өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Нарын, Талас, Көлдөгү өкүлдөрү кызматын тапшырганы айтылууда

Буга чейин өкмөт аппаратынын кызматкерлери жумуш ордуна үч сааттан бери кире албай жатканын айтышкан. Ал арада өкмөт үйү митингчилер тарабынан басып алынганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0