Жантөрө Сатыбалдиев абактан чыкты. Видео

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүЖантөрө Сатыбалдиев. Архив
Жантөрө Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков да чыкты.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев №47 түзөтүү абагынан чыккандыгы тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Мурунку өкмөт башчы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарган.

Абактагы Сапар Исаков эркиндикке чыкты

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен. Андан кийин Садыр Жапаров жана Сапар Исаков да чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0