Жээнбеков Ак үйдү басып алууга байланыштуу билдирүү жасады

Жазылуу
Мамлекет башчы бардык материалдарды текшерип чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чейинки чараларды көрүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратты.

Анда Жээнбеков кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр өзүнүн кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан бийик коюп, коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдирген.

"Бардык күчүн өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшоого багыттап жатат. Бул биринчи кезекте шайлоонун жыйынтыгы боюнча маселе. Мамлекет башчы БШКнын төрайымына мыйзам бузууга байланышкан бардык материалдарды текшерип чыгып, жыйынтыгын жокко чыгарууга чейинки чараларды көрүүнү сунуштады. Тилекке каршы, кыргызстандыктар эки төңкөрүштүн баштан өткөрдү, тынчтык жана туруктулуктун баасын билет", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан Жээнбеков өлкөдө тынччылык камсыздоого бардык күчүн жумшап жатканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0