"Биримдик" партиясы шайлоо кайра дайындалса катышууга даяр экенин билдирди

Жазылуу
Белгилей кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, автоматтык эсептөөчү аппараттын жыйынтыгы менен ЖКга "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өткөн.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. "Биримдик" саясий партиясы Жогорку Кеңештин шайлоосу кайра дайындалса катышууга даяр. Бул тууралуу партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

​Ал "Биримдик" партиясы шайлоодо жети пайыздык добуштан өткөн башка партияларды да ушундай чечим кабыл алууга чакырган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, автоматтык эсептөөчү аппараттын жыйынтыгы менен ЖКга "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өткөн. Азыркы учурда кол менен эсептөө жүрүп жатат.

Жээнбеков партия лидерлери менен жолугушуусун саат 9.00гө жылдырды

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылды.

Кийин милиция кызматкерлери менен митингчилер ортосунда кагылышуу болуп, 122 адам жабыркаганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0