Утулган 11 партия жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрдагы шайлоодо жети пайыздык ченемден "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өттү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо утулуп калган 11 партия добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койду. Маалыматты ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева тастыктады.

Документке төмөнкү партия лидерлери кол койду:

  • "Ата Мекен";
  • "Бир Бол";
  • "Республика";
  • "Бүтүн Кыргызстан";
  • "Замандаш";
  • "Реформа";
  • "Ыйман нуру";
  • "Чоң казат";
  • "Мекен ынтымагы";
  • "Социал-демократтар";
  • "Ордо".
"Биз бүгүн миңдеген кыргызстандыктар менен аянтка чыгып жатабыз. Анткени өлкө тарыхындагы эң ыплас шайлоонун жыйынтыгын биз тааныбайбыз! Бул шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Шайлоо бийликтин кысымы астында өттү деп жарыялайбыз. Шайлоо учурунда мугалимдерди жана башка бюджеттик кызматкерлерди мажбурлоо фактылары катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо дайындоону талап кылууда.

"Эркин шайлоо өткөрүүгө болгон Конституциялык укуктарыбызды колдонуп, 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз", — дешти партия мүчөлөрү.

Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Ал эми жети пайыздык ченемден "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өттү.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0