Баарына бирдей шарт түзүлдү! Жээнбеков парламенттик шайлоо тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эл аралык байкоочулар менен жолугушунда
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эл аралык байкоочулар менен жолугушунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент пандемия шартында Кыргызстандын жарандары үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн эл аралык байкоочулар менен жолукканда айтты.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККнын эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолукту.

Мамлекет жетекчиси өлкөдө парламенттик шайлоо өткөндүгүн, шайлоонун эрежелери алдын ала эле белгилүү болгонун, бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн белгилеген.

Ал ошондой эле өкмөт менен БШКнын уюшкан жана масштабдуу ишин белгилеп, пандемия шартында жарандар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

"Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышканыңыздар үчүн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Биз муну эл аралык колдоонун көрүнүшү деп эсептейбиз", — деди Жээнбеков.

Эл аралык байкоочулар мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташкан. Алар шайлоо өткөрүү, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешкен.

Ошону менен катар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерине токтолушкан.

"Эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн баса белгилешип, шайлоонун ачыктыгын, эркиндигин жана легитимдүүлүгүн тааный турган жыйынтык чыгарышты", — деп айтылат маалыматта.

Алар өлкөнү мындан аркы ырааттуу демократиялык өнүктүрүүнү камсыздоо ишине ийгиликтерди каалашкан.

Анткен менен шайлоого катышкан бир нече партиялар шайлоо таза өтпөгөнүн билдирип, бүгүн митинг өткөрүп жатышат. Ал эми өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0