"Бир Болдун" лидери Алтынбек Сулайманов шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылды

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморкулов"Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов
Бир Бол партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингге "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов келип сүйлөдү. Ал партиясы 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Ала-Тоо" аянтындагы митингде сүйлөп жатып шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды. Ал шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеп, президентке кайрылды.

"Биз бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Сооронбай Шарипович, жаңы, таза шайлоо өткөрүп бериңиз. Эркин атаандашууну камсыздап бериңиз. Кечээ өткөн шайлоодо кээ бир партиялар бизди, элди тебелеп-тепседи. Өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылды. Ошондуктан шайлоону кайрадан өткөрүш керек. Анан кечээки шайлоодо мыйзам бузуу менен озгон үч партия ал шайлоого катышпасын деген талап коёбуз", — деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Буга чейин ал жерде "Мекен ынтымагы", "Ыйман нуру", "Чоң казат" сыяктуу партиялар нааразычылык акциясына чыккан эле. Кийин аларга "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү келип кошулду.

Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун Бишкектеги митинги. Онлайн-репортаж

Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн. Бирок расмий жыйынтык бардык бюллетендер саналгандан кийин гана чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0