Бюллетендердин 63%ы колго саналды. Тизмеде "Бүтүн Кыргызстан" жок

© Sputnik / Табылды КадырбековБюллетендерди санап жаткан байкоочулар
Бюллетендерди санап жаткан байкоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалымат боюнча, 7 пайыздык босогодон өткөндөрдүн тизмеси өзгөрүүдө. Ушу тапта "Мекенчил" менен "Республика" партиялары озуп чыкты.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ушу тапта шайлоо бюллетендеринин 63 пайызы колго саналып бүтүп, натыйжада буга чейинки алдыңкы үч партиянын катарын "Мекенчил" менен "Республика" толуктоодо.

Акыркы маалымат төмөнкүчө:

  • "Биримдик" — 19,05 пайыз;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 24,48 пайыз;
  • "Кыргызстан" — 9,34 пайыз;
  • "Мекенчил" — 7,76 пайыз
  • "Республика" — 7,07 пайыз;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 6,15 пайыз;
  • "Ата Мекен" — 4,52 пайыз;
  • "Ыйман нуру" — 4,12 пайыз;
  • "Бир Бол" — 3,04 пайыз;
  • "Чоң Казат" — 3,28 пайыз;
  • "Замандаш" — 2,79 пайыз
  • "Социал-демократтар" — 2,25 пайыз;
  • "Реформа" — 1,36 пайыз;
  • "Мекен ынтымагы" — 0,91 пайыз;
  • "Ордо" — 0,22 пайыз;
  • "Афган согушунун ардагерлери" — 0,15 пайыз;
  • Баарына каршы — 1,89 пайыз.

Эскерте кетсек, буга чейин автоматтык түрдө эсептөө системасынын санаганы менен төрт партия ("Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан") 7 пайыздык босогодон өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0