"Эламан" үчүн Ислам Каримов саатын белек кылган. Ибрагим Жунусов тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба МИД КР"Мекеним Кыргызстан" партиясынын үчүнчү сабында турган Ибрагим Жунусов. Архив
Мекеним Кыргызстан партиясынын үчүнчү сабында турган Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоодо алдын ала жыйынтык боюнча төрт партия жеңишке жетишти. Экинчи орунду ээлеп, 45 мандатка ээ болот деп божомолдонуп жаткан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын үчүнчү сабында Ибрагим Жунусов турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги убагында сахна жылдызы болуп, кийин саясатка кадам таштаган КРдин эл артисти, профессор, мамлекеттик ишмер Ибрагим Жунусов тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Төрт тилде эркин сүйлөйт. Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Апасы мугалим болгондуктан балдарын билимдүү кылып өстүрүүгө жан үрөйт. Ал 1983-жылы Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктаган. Эки кыз, бир уулдун атасы кыргыз, орус, түрк жана өзбек тилдерин билет.

© Фото / пресс-служба МИД КРИбрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Апасы мугалим болгондуктан балдарын билимдүү кылып өстүрүүгө жан үрөйт.
Эламан үчүн Ислам Каримов саатын белек кылган. Ибрагим Жунусов тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Апасы мугалим болгондуктан балдарын билимдүү кылып өстүрүүгө жан үрөйт.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер. Ибрагим Жунусов 2007-жылы Жогорку Кенештин  IV чакырылышына "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп келген. Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы болуп дайындалган. 2010-жылы февралдан тарта Мамлекеттик маданият агенттигинин директору болсо, 2010-жылы октябрь айында Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата  Журт" партиясынан кайрадан депутат болуп шайланып келген. "Ата Журт" партиясы менен шайлоого катышып, 210 миң шайлоочусу бар Кара-Суу районунан 32 миң добуш жыйнап бергенден бери ар шайлоодо Жунусовго сунуш берген партиялар көп болуп келгенин айтышат.

Ал эми 2010-жылдын аягынан 2011-жылдын акырына чейин КРдин социалдык маселелер боюнча вице-премьери кызматын аркалаган.

Андан соң маданият жана туризм министри болуп дайындалып, ал кызматта үч жылдай иштеген. Ал эми 2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. Ушул жылдын 11-августунда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Тышкы иштер министрлигине арыз жазып, өзүнүн элчилик ыйгарым укугун октябрь айынын аягына чейин токтото турганын билдирген. Муну ал боло турган парламенттик шайлоо менен байланыштырган. Буга мыйзам жол берет.

Чыгармачылыгы. Ибрагим Жунусов 200дөн ашык ырдын автору. Түркияда, Германияда, Голландияда жеке концертин берген. Борбор Азиянын жана Индиянын эл аралык фестивалдарына катышкан. Ал Кыргызстандын Композиторлор союзунун мүчөсү. "Нокдаун" көркөм фильминин (режиссёру Т. Раззаков), Султан Раевдин "Каалга" телекөрсөтүүсүнүн, "Аял" спектаклинин, Бексултан Жакиевдин "Алтын аяк" спектаклинин музыкасын жазган.

© Фото / из архива Ибрагима Жунусова1990-жылы Ошто улуттар аралык кагылышуу чыгып, элдин ыркы кетип турган маалда ошол кездеги ырчы, обончу Ибрагим Жунусов уулдуу болуп, атын Эламан койгон. Баласына арнап чыгарган ыры эки жыл катары менен Кыргызстанда "Жылдын эң мыкты ыры", 1996-жылы Казакстандын "Мыкты ыр", 1997-жылы Өзбекстандын "Эң белгилүү ыр" номинациясына татыган
Эламан үчүн Ислам Каримов саатын белек кылган. Ибрагим Жунусов тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
1990-жылы Ошто улуттар аралык кагылышуу чыгып, элдин ыркы кетип турган маалда ошол кездеги ырчы, обончу Ибрагим Жунусов уулдуу болуп, атын Эламан койгон. Баласына арнап чыгарган ыры эки жыл катары менен Кыргызстанда "Жылдын эң мыкты ыры", 1996-жылы Казакстандын "Мыкты ыр", 1997-жылы Өзбекстандын "Эң белгилүү ыр" номинациясына татыган

1990-жылы Ошто улуттар аралык кагылышуу чыгып, элдин ыркы кетип турган маалда ошол кездеги ырчы, обончу Ибрагим Жунусов уулдуу болуп, атын Эламан койгон. Баласына арнап чыгарган ыры эки жыл катары менен (1994-1995-жж. — ред.) Кыргызстанда "Жылдын эң мыкты ыры", 1996-жылы Казакстандын "Мыкты ыр", 1997-жылы Өзбекстандын "Эң белгилүү ыр" номинациясына татыган. Ыр кайсы бир мамлекеттик иш-чарада Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримовго жагып, Жунусовго кол саатын белек кылган экен.

Ошол жылдары төрөлгөн наристелердин көбүнө Эламан деген ысым коюлган.

Ал жеке чыгармачылык концерти менен Германияга, Голландияга, Түркияга жана КЭРге барган. Борбордук Азияда жана Индияда өткөн эл аралык фестивалдардын лауреаты аталган. 1980 жана 1982-жылдары "Ала-Тоо жазы" фестивалынын, 1986-1988-жылдары II жана III бүткүл союздук элдик чыгармачылык фестивалынын лауреаты болгон.

Убагында "Эллегия" деген аталыштагы эки кыздан турган топ түзүп, үч жылдан соң топтогу Айчүрөк аттуу кызын турмуш жолуна узаткан.

Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган "Эламан" деген ырынан башка "Алтын апа", "Үйлөнүү той", "Чынара" деген чыгармалары хитке айланып, көпчүлүктүн сүйүүсүнө татыган.

Үй-бүлөсү. 30 жаштын кырындагы Эламан эл аралык мамилелер жаатында билим алган. Ибрагим Жунусовдун Асел жана Алина деген кыздары да бар. Жубайы Чынара Сатыбалдиева менен кырк жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.

Ибрагим Жунусов кырктын кырына келгенде небере күтүп, таята болгон.

© Фото / из архива Ибрагима ЖунусоваИбрагим Жунусов эмгек жолунда агартуучулук жаатында да кызмат өтөп, шакирт тарбиялаган. 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу, 1986-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу болуп иштеген.
Эламан үчүн Ислам Каримов саатын белек кылган. Ибрагим Жунусов тууралуу 6 факты - Sputnik Кыргызстан
Ибрагим Жунусов эмгек жолунда агартуучулук жаатында да кызмат өтөп, шакирт тарбиялаган. 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу, 1986-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу болуп иштеген.

Агартуучу. Ибрагим Жунусов эмгек жолунда агартуучулук жаатында да кызмат өтөп, шакирт тарбиялаган. 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу, 1986-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу болуп иштеген.

Ал эми 2002-2005-жылдары Искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору кызматын аркалаган. 2002-жылы өзү окуган факультетте декан болуп турганда профессор болгон.

Наамдары. 2006-жылы Эл артисти наамын алган. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп турганда эки элдин достугун бекемдегени үчүн Ipekyolu Yılın Altın Adamları ("Жылдын алтын адамы") сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0