КМШ байкоочулары: шайлоо таза, ачык өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоо учурунда
Парламенттик шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШнын байкоочулары отчётко аз гана эреже бузуулар болгонун жазып, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албастыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Шайлоо ачык, таза жана атаандаштык негизде өттү. Бул тууралуу КМШ миссиясынын байкоочуларынын жетекчиси Виктор Гуминский брифингде билдирди.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондордун Бишкектеги митинги. Онлайн-репортаж

Анын айтымына караганда, КМШнын байкоочулары отчётко аз гана эреже бузуулар болгонун жазып, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албастыгын белгилешкен. Мисал катары бюллетенди сүрөткө тартуу фактысы келтирилген.

"Биз мындай эреже бузуулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эте албайт деп эсептейбиз. Байкоочулардын пикиринде, шайлоо талаптагыдай өттү", — деди Гуминский.

Ал ошондой эле миссия төмөнкүдөй бүтүмгө келгенин кошумчалады:

Жогорку Кеңештин шайлоосу Конституцияга жана конституциялык мыйзамдарга ылайык өттү;

Шайлоо комиссиялары жарандардын шайлоо укугун камсыздашты;

Шайлоо таза, ачык жана атаандаштык негизде өттү.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, алдын ала айтылган божомол боюнча 7 пайыздык босогодон төрт партия өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0