Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы седьмого созыва ЖК в Бишкеке
Выборы седьмого созыва ЖК в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүнө сереп салып, урунттуу учурларды тизмектеди.

Кыргызстанда шайлоо участоктору адаттагыдай эле 8:00дө ачылды. Добуш берүүчүлөрдүн тизмесине 3 миллион 523 миң 554 киши кирген.

Добуш берүү процессин жүргүзүү үчүн 2 475 шайлоо участкасы уюштурулган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеди.

Саат 9.00дөр чамасында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №5 мектеп лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогуна барып добуш берди. Президент идентификация процессинен өтүп жатканда мүчүлүштүк жаралды

© Sputnik / Эмиль СадыровСаат 9.00дөр чамасында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №5 мектеп лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогуна барып добуш берди
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Саат 9.00дөр чамасында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №5 мектеп лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогуна барып добуш берди

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов жарандык милдетин Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында аткарган. Добуш бергенден кийин ал жакынкы беш жылдыкта өлкөдөгү саясатты аныктай турган саясатчылар келе турганын айтты. 

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы Кубатбек Боронов жарандык милдетин № 1105 шайлоо участкасында аткарган
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов жарандык милдетин № 1105 шайлоо участкасында аткарган

Андан кийин Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өз участокторунда добуш беришти.

Коронавирус пандемиясы маалында шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында БШК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыккан. Анын негизинде шайлоо участокторунда бет кап таратылып, ар бир участокто медицина кызматкерлери иштеди. 

© AP Photo / Vladimir VoroninТүшкө маал добуш берүү жанданып, шайлоо участокторунда элдин узун кезеги байкала баштады
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Түшкө маал добуш берүү жанданып, шайлоо участокторунда элдин узун кезеги байкала баштады

Түшкө маал добуш берүү жанданып, шайлоо участокторунда элдин узун кезеги байкала баштады.

Аймактарда да эл шайлоого активдүү катышты. Өлкө боюнча түшкө чейин бир миллиондой адам добуш берген. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАймактарда да эл шайлоого активдүү катышты. Өлкө боюнча түшкө чейин бир миллиондой адам добуш берген
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Аймактарда да эл шайлоого активдүү катышты. Өлкө боюнча түшкө чейин бир миллиондой адам добуш берген

Ош шаарында саат 8:00дөн баштап эле ар бир шайлоо тилкесинде 200-300дөн адам кезек күтүп жатты.

Нарын шаарындагы № 4068 шайлоо участкасында бюллетень салган аппарат убактылуу иштебей калып, шайлоочулар топтолуп узун кезек жаралды.

Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 10 000ден ашык ИИМ кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеди. Ошондой эле 900дөн ашык инспектор жол кыймылына көзөмөл жүргүзсө, 7000ден ашуун элдик кошуун көмөк көрсөткөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 10 000ден ашык ИИМ кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеди
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 10 000ден ашык ИИМ кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштеди

Кызык окуялар да катталбай койгон жок. Соцтармакта шайлоодо "каза болгон адам добуш берди" деген маалымат тарап, БШК ал боюнча да жооп берди.

Кыргызстанда 67 миңден ашык жаран биринчи ирет добуш берди. Аларга БШК КРдин Конституциясын белек катары тартуулаган.

​Соцтармак колдонуучулары добуш берүүдө мыйзам бузуу учурлары катталганын айтып, сүрөт, видеолорду байма-бай жүктөп жатты. Анын бири БШКнын кызматкерлериндей кийинген эки адам бюллетендерди тобу менен урнага салып жаткан видео. Бул боюнча Тынчтык Шайназаров жооп берип, видео тесттик бюллетендер менен автоматтык урнаны текшерип жаткан маалда тартылганын айтты.

ТИМ министри Чыңгыз Айдарбеков быйыл чет өлкөлөрдө шайлоочулардын саны 32 602ге жеткенин билдирди. Шайлоо участоктору ар бир өлкөдө ар кандай убакытта ачылды. Владивосток жана Түштүк Сахалин шаарларында добуш берүү Бишкек убактысы боюнча саат 3:00дө башталып, анын 16:00дө аяктаган.

Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратынын аймагында үч шайлоо участогу уюштурулуп, мекендештер активдүү добуш беришкен. Аны кыргызстандыктар тартып жиберген видеодон көрө аласыздар

Саат 18.00гө карата 1 миллион 594 миң 802 кыргызстандык добуш берди.

Добуш берүүнүн убактысы аяктап калганда БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров парламенттик шайлоого добуш берүү күнүндө 108 арыз келип түшкөнүн кабарлады.

Бажы ачык иштейт, облустар жоюлат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын убадалары

Саат 20:00дө добуш берүү аяктап, БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

  1. "Биримдик" — 483 345 добуш же 24,53 пайыз;
  2. "Мекеним Кыргызстан" — 470 806 же 23,9 пайыз;
  3. "Кыргызстан" — 172 251 же 8,74 пайыз;
  4. "Бүтүн Кыргызстан" — 138 617 же 7,09;
  5. "Мекенчил" – 134 944 же 6,85 пайыз;
  6. "Республика" — 114 371 же 5,81 пайыз;
  7. "Ата Мекен" — 79 530 же 4,04 пайыз;
  8. "Ыйман нуру" — 66 0 22 же 3,35 пайыз;
  9. "Бир бол" — 59 755 же 3,03 пайыз;
  10. "Чоң казат" — 45 856 же 2,33 пайыз;
  11. "Замандаш" — 42 292 же 2,15 пайыз;
  12. "Социал-демократтар" — 41 837 же 2,12 пайыз;
  13. "Реформа" — 32 279 же 1,64 пайыз;
  14. "Мекен ынтымагы" — 12 328 же 0,63 пайыз;
  15. "Ордо" — 4 343 же 0,22 пайыз;
  16. Афганистан согушунун ардагерлери — 3 419 же 0,17 пайыз;
  17. Баарына каршы – 35 358 же 1,83 пайыз.

Оорукана курабыз, 50 миң сом сүйүнчү беребиз. "Кыргызстан" партиясынын убадалары

Өлкө боюнча парламенттик шайлоого 1 миллион 604 миң 562 кыргызстандык катышкан. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,54 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкө боюнча парламенттик шайлоого 1 миллион 604 миң 562 кыргызстандык катышкан. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,54 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары - Sputnik Кыргызстан
Өлкө боюнча парламенттик шайлоого 1 миллион 604 миң 562 кыргызстандык катышкан. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,54 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт

Алдын ала берилген маалымат боюнча, төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү. Алар:

  • "Биримдик" — 24,45%;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 23,95%;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 7,09%;
  • "Кыргызстан" — 8,76%.

Мандаттар тууралуу божомол автоматтык түрдө эсептөөчү системанын санаганы менен добуштардын 94,42 пайызынын жыйынтыгына таянып жасалды.

  • "Биримдик" — 46 мандат;
  • "Мекеним Кыргызстан" —  45 мандат;
  • "Кыргызстан" — 16 мандат;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 13 мандат.

Ал арада өтпөй калган партиялардын дээрлик бардыгы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, айрымдары митинг уюштурушту.

Добушту кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы бүгүн маалым болот. БШК анда так жана акыркы маалыматты жарыялайт.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0