Айылдагы медиктерге үй алып беребиз. "Бүтүн Кыргызстандын" негизги убадалары

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Архив
Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адахан Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы саламаттык сактоо, бизнес, үй-бүлө, экология, экономика жана маданият чөйрөсүнө байланышкан бир катар убадалар менен парламентке бара жатат.

Болжолдуу эсеп боюнча, аталган партия шайлоодон добуштардын 7,1 пайызына ээ болуп, парламенттен 13 орун алмай болду. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясий уюмдун элге берген убадалары менен тааныштырат.

Белгилей кетсек, материалда маанилүү делген айрым убадалар гана берилет.

Жакын арада аткарчу милдеттери

1. COVID-19 миңдеген кыргызстандыктарды ооруга чалдыктырып, өмүрүн алды. Эпидемия саламаттык сактоо секторундагы терең көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Партия бийликтин коронавирус эпидемиясы менен күрөштө алсыздыгын аныктоо үчүн коомчулуктун катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүүнү демилгелейт. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен кооптуу абалга кептеген жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартууну көздөйт;

2. "Кумтөр" маселеси боюнча демилгелерди көтөрөт;

3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын укуктарын калыбына келтирүү максатында "Шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме

Келечектеги милдеттер

1. Өнөр жай чөйрөсүндө чийки зат эмес, даяр продукция экспорттоо. Жаратылыш ресурстарын өлкө ичинде кайра иштетүү жана салык төлөмдөрүн карап чыгуу;

2. Торугарт — Жалал-Абад — Өзгөн темир жолун куруу;

3. Чакан жана орто бизнес чөйрөсүн тескөөдөн бошотуу. Бул тармакты криминал жана коррупциядан коргоо, мыйзамдарды кабыл алуу, ички жана орто ишканаларга мамлекеттик артыкчылык берүү;

4. Айылдык дарыгерлерге жеңилдиктерди камсыздоо (турак жай сатып алууга максаттуу каражаттар менен камсыз этүү);

5. Үчтөн көп балалуу болгондорго артыкчылык берүү. Атап айтканда, балдардын бала бакчага киришине көмөк көрсөтүү, мамлекеттик бюджеттен бекер дарылатуу, жайкы эс алуучу жана ден соолугун чыңдоочу лагерлерге алып барууну камсыздоо.

6. Кылым карыткан элдик оозеки чыгармаларга, акындык өнөргө, музыкалык аспаптарга, кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө жаш муундарды үйрөтүүгө жана окутууга мамлекеттик каржылоону көбөйтүү;

Өнөр адамдарына тийиштүү эмгек акыны жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу;

Музей-коруктарга өзгөчө коргоодогу аймак статусун ыйгаруу.

Оорукана курабыз, 50 миң сом сүйүнчү беребиз. "Кыргызстан" партиясынын убадалары

7. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы менен коррупциялашкан мамлекеттик аппарат сыйышпайт. Биз бизнес менен мамлекеттик кызматты аралаштырууга бөгөт коюу боюнча мыйзамдардын аткарылышына катуу талап коёбуз. Жемкорлукка шектелген чиновник тапкан байлыгынын финансылык булактарын ачык көрсөтүүгө милдеттүү;

8. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы экологиялык чыгымдардын ордун толтуруу үчүн экологиялык камсыздандыруу системасын сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0