Парламенттик шайлоо - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы шайлоодон кийинки абал. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Эртең мененки саат 8.00дө ачылган шайлоо участкалары кечки 20.00дө жабылып, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:06 05.10.2020

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, саат 23.00гө карта 2416 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты. Дагы 59 участкадан маалыматтар келе элек. Соңку статистика боюнча 1 миллион 970 миң 213 адам парламенттик шайлоого катышты.

Партиялар алган добуштар:

"Биримдик" — 483 345 добуш же 24,53 пайыз;
"Мекеним Кыргызстан" — 470 806 же 23,9 пайыз;
"Кыргызстан" — 172 251 же 8,74 пайыз;
"Бүтүн Кыргызстан" — 138 617 же 7,09;
"Мекенчил" – 134 944 же 6,85 пайыз;
"Республика" — 114 371 же 5,81 пайыз;
"Ата Мекен" — 79 530 же 4,04 пайыз;
"Ыйман Нуру" — 66 0 22 же 3,35 пайыз;
"Бир Бол" — 59 755 же 3,03 пайыз;
"Чоң Казат" — 45 856 же 2,33 пайыз;
"Замандаш" — 42 292 же 2,15 пайыз;
"Социал-демократы" — 41 837 же 2,12 пайыз;
"Реформа" — 32 279 же 1,64 пайыз;
"Мекен Ынтымагы" — 12 328 же 0,63 пайыз;
"Ордо" —4 343 же 0,22 пайыз;
Афганистан согушунун ардагерлери — 3 419 же 0,17 пайыз;
Баарына каршы – 35 358 же 1,83 пайыз.


 

 

23:19 04.10.2020

Бишкек шаарынын чок ортосунда "Социал-демократтар" саясий партиясынын тарапташтары жана мүчөлөрү катышкан митинг башталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Нааразычылык акцияга саясий партиянын желегин көтөрүп ондогон адам чогулган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев дагы бар.

4-октябрдагы шайлоодо "Социал-демократтар" саясий партиясы 2,1 пайыз добуш алды.

Ал арада "Ата Мекен" партиясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жар салды.

 

 

 

 

Митинг в центре Бишкека после окончания выборов - Sputnik Кыргызстан
21:19 04.10.2020
Предварительные итоги выборов в ЖК  - Sputnik Кыргызстан
21:15 04.10.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Божомол автоматтык түрдө эсептөөчү системанын санаганы менен добуштардын 94, 42 пайызынын жыйынтыгына таянуу менен жасалды. Маалыматтар расмий болуп эсептелбейт. 

"Биримдик" — 46 мандат;
"Мекеним Кыргызстан" — 45 мандат;
"Кыргызстан" — 16 мандат;
"Бүтүн Кыргызстан" — 13 мандат.

 

21:08 04.10.2020

"Учурда дагы 373 участкалык шайлоо комиссияларынан добуштардын жыйынтыгы боюнча маалымат келек элек", - деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова. 

20:43 04.10.2020

Эске салсак, кыргыз парламентинде 120 депутаттык мандат бар. Алар үчүн 2 миңдей талапкер 16 саясий партиянын катарында ат салышты.

20:41 04.10.2020

Саат 20:00гө карата парламенттик шайлоого 1 миллион 604 миң 562 кыргызстандык катышты. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 45,54 пайызын түзөт.

20:36 04.10.2020

Анын жыйынтыгы төмөнкүчө:

"Биримдик" — 24,45%
"Мекеним Кыргызстан" — 23,95%
"Республика" — 5,84%
"Кыргызстан" — 8,78%
"Бир Бол" — 3%
"Социал-демократтар" — 2,1%
"Ыйман Нуру" — 3,36%
"Реформа" — 1,61%
"Ата Мекен" — 4,03%
"Замандаш" — 2,17%
"Бүтүн Кыргызстан" — 7,09%
"Мекен Ынтымагы" — 0,63%
Афганистан согушунун ардагерлери — 0,17%
"Ордо" — 0,22%
"Чоң Казат" — 2,33%
"Мекенчил" — 6,86%
Баарына каршы — 1,79%


 Белгилей кетсек, мында электрондук урна санаган добуштар жарыяланды.

Маалымат толукталууда.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0