Шайлоо күнү мыйзам бузуу боюнча арыздангандардын саны 100дөн ашты

Жазылуу
Учурда Ички иштер министрлигине добуш сатып алуу боюнча 11 кайрылуу түшүп, ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого добуш берүү күнүндө саат 19:00гө карата 108 арыз келип түштү. Бул туурасында БШКнын ыкчам чара көрүү координациясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, ушул убакта дагы даттануулардын аягы тыйыла элек.

Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов 21 факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтты. Анын ичинен 14ү Жазык кодекси, жетөө Жоруктар кодекси менен каралууда. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 11 факты бар экени айтылат. Калганы майда бейбаштык, шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылуу сыяктуу иштер. Учурда ар бир факты боюнча ыкчам-тергөө жүрүп жатат.

БШК: түштөн кийин добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү

Ошондой эле Макилов маалыматты каттоо журналына 74 факты катталганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0