Түшкө чейин бир миллиондой жаран добуш берди. Соңку маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоо учурунда добуш берүү
Парламенттик шайлоо учурунда добуш берүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоого добуш берүүгө катышуу укугуна 3 миллион 523 миң 554 шайлоочу ээ болгон.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Саат 14.00гө карата 990 492 адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 28,11 пайызын түзөт.

Аймактар боюнча статистика:

  • Бишкек — 27 пайыз;
  • Ош — 35,24 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 30,2 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу – 26,5 пайыз;
  • Нарын облусу — 28,99 пайыз;
  • Ош облусу – 28,45 пайыз;
  • Талас облусу –29,85 пайыз;
  • Чүй облусу – 26,76 пайыз;
  • Баткен облусу – 26,4 пайыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0