Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүИшкерлер темир жол курулушу учурунда. Архив
Ишкерлер темир жол курулушу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин аппараты россиялык журналисттерди кабыл алып, баарлашуу болду. Анын катарында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү кандай жүрүп жатканы да айтылды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча башкы маселелердин бири анын маршруттук багыты болуп саналат. Бул тууралуу журналисттерге президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, казылып алынган пайдалуу кендерди ташууга жеңилирээк болушу үчүн ички кендер жайгашкан аймактар аркылуу куруу маселеси талкууланды. Ал эми Кытай тарап жолдун кыска болушуна кызыкдар. Мындан сырткары, Кыргызстандын тоолуу рельефи да кыйынчылык жаратканы айтылат.

“Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор жана, албетте, инвестициянын көлөмү талкууланууда. Мындан сырткары, жүк жана жүргүнчү ташуу агымы эске алынат. Сүйлөшүүлөр улантылууда, өзгөчө басым жасалган көйгөйлөр жок. Кыргызстан менен Кытай сунуштаган вариантка өзбек тарап негизинен макул болгон”, — деди Иманалиев.

Дагы бир маанилүү маселе катары темир жолдун кеңдиги дагы деле талкууланганы айтылат. Кураштырма жана гибриддик варианттар каралууда.

Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда

Иманалиев ошондой эле рельефке байланыштуу, жолдун айрым бөлүктөрү Кытай стандарты боюнча, ал эми башка бөлүгү КМШ мамлекеттеринин ченеминдеги стандарт менен курулушу мүмкүн экенин белгилейт. Аппараттын бөлүм башчысы акыркы чечим кабыл алына электигин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0