Парламент деген эмне? Кандайча пайда болгон жана эмне үчүн зарыл?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши. Архив
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоону утурлай Sputnik Кыргызстан редакциясы парламенттердин, анын ичинде биздин бул орган тууралуу кыскача маалымат топтоду. Бүйүр кызытарлык фактыларды да жыйнадык.

4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо соңку эки айдан бери Кыргызстан калкынын көңүл чордонунда. Көпчүлүк көксөгөн 120 мандат үчүн 16 партия ат салышууда. Жогорку Кеңешке шайлоо чегинен аша алган, тагыраагы, жалпы добуш бергендердин санынан жети жана ар бир облустан 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар келет. Ошондуктан Sputnik Кыргызстандын редакциясы депутат деген ким, парламенттин жаралыш тарыхы кандай жана мамлекетке эмне үчүн керектиги жөнүндө маалымат даярдады.

Парламентке чейинки доор

Элдик өкүлчүлүктөрдүн органдары тээ эзелтен боло келген. Албетте, өз дооруна жараша аталыштары да, аткарган функциялары да ар кыл болгон. Маселен, Байыркы Римде элдик жыйындын үч түрү иштеген. Алардын эң негизгиси — трибуттук комициялар. Алар мыйзам жазып, кабыл алышкан, бир катар аткаминерлерди, анын ичинде аскер кызматкерлерин шайлашкан. Соттук маселелер да ошолордун көзөмөлүндө болгон.

Сенат да иштеген, ал мыйзам долбоорлорун алдын ала карап, андан кийин алар элдик жыйындын кароосуна коюлган. Аскердик, каржылык маселелер менен алектенип, тышкы саясатты тескеген.

Башта Сенатка патрициялар гана кире алышкан, кийин плебейлерге да анын курамына кирүүгө уруксат беришкен. Бирок азыркы парламенттикиндей бир катар функцияларга ээ болгону менен Сенат элдик жыйын болгон эмес.

Баштапкы Орто кылым доорунда мамлекеттерде негизги ролду элдик жыйындар аткарган. Мисалы, славяндарда алар вече деп аталган. Ага эркин үй-бүлөлөрдүн башчылары катышууга укуктуу эле. Эң күчтүү вече Новгород мамлекетине таандык болгон (иш жүзүндө республика), ал орган согуш жана тынчтык маселелерин да чечкен.

Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

Мындай жыйындар Европанын башка өлкөлөрүндө да иштеген. Мисалы, Англиядагы Витенагемот диний өкүлдөрдөн жана ак сөөктөрдөн турган. Аталган орган падышага кеңеш берип, анын чечимдерин, анан да жаңы королду бекиткен.

Тун парламент катары альтинг да (Исландия) эсептелет. Ал X кылымда түптөлгөн. Бардык бойдок (эрктүү) мырзалардын жыйыны сот жана мыйзам чыгаруучу функцияларды аткарган. Белгилей кетсек, Исландияда бийлик монархия жана борбордук өкмөттө эмес эле, ошол себептен альтингдин ролу абдан маанилүү болгон.

Байыркы кыргыздарда кандай болгон?

Элдин эркин билдирүү формаларынан болгон курултай жана элдик жыйындар адатта жылына бир ирет өткөрүлүп, аларда элдин күнүмдүк турмушундагы урунттуу, маанилүү маселелер талкууланган.

Улуу кыргыз каганаты өкүм сүргөн чакта уруу башчыларынын тобунан турган аксакалдар кеңеши болгон. Ал консультативдик-кеңеш берүүчү органдын милдеттерин аткарган.

Алгачкы парламент

Көрүп турганыбыздай азыркы парламенттин түп үлгүлөрү бир топ. Бирок "парламент" деген аталыштагы тун жыйын Англияда түзүлгөн. Ал "parler" деген француз сөзүнөн алынган, анткени ошол убакта Англияда ак сөөктөрдүн баары французча сүйлөчү.

XIII кылымдын башында барондор король Иоанн Iни (Жон Безземельный (Жерсиз)) Эркиндиктин улуу хартиясына кол коюуга милдеттендиришкен. Ага ылайык, король "королдуктун жалпы кеңешинин" макулдугусуз жаңы салык киргизе алган эмес.

Анын уулу Генрих IIIтүн тушунда Симон де Монфор башында турган барондор парламент түзүп, дин өкүлдөрү жана жогорку ак сөөктөрдөн тышкары ар бир графтыктан экиден рыцарь жана ар бир ири калаадан экиден тургун кирген.

Де Монфорду жеңген соң андан кийинки англиялык король Эдуард I жаңы салык жана субсидияларды алуу үчүн баары бир парламентти чакырууга аргасыз болгон. Кызгылт жана Ак розалардын кезегинде тактыга талапкерлер өз дооматтарын бекемдөөгө жана парламенттик актылардын тронун ээлөөнү чыңдап алууга умтулушкан.

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

Парламенттер бөлөк өлкөлөрдө да болгон. Испанияда бул органдын милдетин кортестер, Францияда — Башкы штаттар аткарган. Башкы штаттар XIV кылымдын башында француз королу тарабынан Рим Папасы менен күрөш маалында кошумча колдоого ээ болуу үчүн куралган.

Францияда штаттардан сырткары регионалдык парламенттер болгону да кызык, алардын ичинен эң таасирдүүсү париждик парламент эле. Бирок аталышына карабастан ал соттук орган болгон. Дагы бир кызыктуу фактыга таянсак, париждик парламенттеги орундар эркин сатылып келген. Ал эми анын мүчөсү ордун өз уулуна мураска өткөрүп бере алган. Ошону менен бирге эле жакшы арзандатуу болгон, алтымыштан бир бөлүгүн гана төлөп коюу керек болчу. Дагы бир ирет белгилесек, ал азыркы маанидеги парламент болгон эмес, маңызында ал соттук орган эле.

Совет доорунан эгемен республикага чейинки кыргыз парламенттери

1938-жылдын 24-июнунда биринчи жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо өткөн. Советтер Союзунун убагында 12 чакырылыш иштеген. Акыркысы — айтылуу "легендарлуу парламент".

Дал ошол чакырылыш Көз карандысыздык декларациясын кабыл алып, эгемен мамлекеттин тун президенти — Аскар Акаевди шайлаган. Совет маалында депутаттардын саны өзгөрүп турган. Алгачкы чакырылышта 284 киши болсо, кийин алардын саны 350гө жеткен.

Анткен менен Жогорку совет туруктуу иштеген эмес. Жылына эки жолу жыйынга чогулуп, жумушчу кесиптердин өкүлдөрүнөн турган. Атап айтканда, чабан жана жумушчулар депутат болушкан. Албетте, сессиялар аралыгында Жогорку советтин Президиуму иштеген.

Шайлоо-2020: талапкерлердин бир тобу партиясынан чыгып кетти. Соңку окуялар

1995-жылы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында парламенттин биринчи чакырылышы шайланган (саналуу күндөрдөн кийин жетинчисин шайлайбыз). Алгачкы экөө эки палаталык болуп, Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынан турган.

Калгандарынын баары бир палаталуу, ал эми төртүнчү чакырылыштан тарта Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен (ага дейре шайлоо округдар боюнча өткөн) шайлана баштаган. Депутаттардын саны өзгөрүлүп, биринчи чакырылышта 60, соңку экөөндө 120га чейин жеткен. Үч чакырылыш: легендарлуу парламент өзүн өзү таркатып, ал эми үчүнчү жана төртүнчүлөрү "жоогазын" жана апрель революцияларынан улам мөөнөтүнүн аягына чыккан эмес.

Жогорку Кеңештин функциялары кандай?

Ата мекендик парламенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз. Төмөндө биз алардын эң маанилүүлөрүн санап өтөлү:

  • мыйзамдарды кабыл алат, эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана жокко чыгарат;
  • чек араларды өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечет;
  • республикалык бюджетти бекитет;
  • амнистия боюнча актыларды чыгарат;
  • премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн (КР Улуттук коопсуздук комитети жана Коргоо иштери боюнча комитет башчыларын) бекитет;
  • өкмөттү отставкага кетире алат;
  • башкы прокурорду, Улуттук банктын төрагасын жана Жогорку соттун судьяларын дайындоо жана кызматтан алуу Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жүрөт;
  • өзгөчө абал киргизип, бул маселе боюнча президенттин жарлыктарын бекитип же жокко чыгарат;
  • согуш жана тынчтык, аскердик абал киргизүү, согуш абалын жарыялоо маселелерин чечет. Бул маселелер боюнча президенттин жарлыктарын бекитип же жокко чыгарат;
  • Куралдуу күчтөрдү КР чегинен тыш пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселелерди чечет;
  • мамлекеттин мурдагы башчысын экс-президенттик макамынан ажыратып коё алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0