Трамп бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө кепилдик бере алган жок

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти журналисттер менен жолугушууда буга байланышкан суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңилип калса бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү кепилдеген жок. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

АКШ президенти журналисттер менен жолугушууда буга байланышкан суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

"Шайлоо өтүп, кандай жыйынтыкталарын күтө туралычы. Мен буга чейин почта аркылуу добуш берүү бул чатак иш деп айтканмын", — деп жооп узаткан Трамп.

Ошол эле убакта АКШ лидери шайлоодо жеңип чыгарына ишенимин билдирген.

"Эч кандай бийликти өткөрүп берүү болбойт, бийликти башкаруу улантылат", — деген ал.

Трамп буга чейин эгер президенттик шайлоодо утулуп калса, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан. Анын атаандашы демократ Жо Байден мындай учурда Трампты Ак үйдөн аскер кызматкерлери "чыгарып" кетерин билдирген.

Трамп президенттик шайлоодон кайсы учурда жеңилип каларын айтты

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Шайлоодо ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болот.

RealClearPolitics.com ресурсу сурамжылоолордун жыйынтыгын жалпылап, орточо көрсөткүчтү чыгарууда. 3-сентябрдан 16-сентябрга чейинки аралыктагы көрсөткүч боюнча Байден 5,8 пайыз менен Трамптан алдыда баратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0