Шайлоо: Башкы прокуратура ЖМКлардагы макалалар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
Башкы прокурор ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура шайлоо алдында ЖМКлардын макалаларындагы мыйзам бузуулар боюнча 26 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

"Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын атайын штабы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ЖМКлардагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканынан кабар берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Курсан Асановдун иши боюнча Эльвира Сурабалдиева суракка чакырылды

Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0