Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков шайлоо алдында президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок экенин айтып, муну түшүнүү менен кабыл аларын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып, парламенттик шайлоо алдында өзүн сындагандар боюнча пикирин айтты.

“Албетте, бийликти сындоо кайсы заманда болбосун элге жагат. Мындай кырдаалда президентке сын айткандан өткөн жеңил популизм жок. Мени жамандагандар добуш алабыз деп үмүт кылып жатат. Бул дагы саясий ыкмалардын бири, көп эле мамлекеттерде ушуну колдонушат”, — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: бюджетти тоноп, кызматын пайдаланып байыгандарга аёо болбойт

Ошондой эле өлкө башчы мунун экинчи жагы да бар экенине токтолду.

“30 жылдап саясатта гана эмес, бийликтин бир бутагында жүргөн азаматтарыбыз да бийликти болушунча сындап жатат. Депутаттардын санын азайтабыз, пенсияны көбөйтөбүз деп айтып келатышат. Бирок кандай жол менен экенин айткан киши жок”, — деди президент.

Эске салсак, өлкөдө учурда шайлоо кампаниясы жүрүп жатат. Парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0