Факты болсо, жаза да болот. Жээнбеков добуш сатып алуу боюнча пикирин айтты

Жазылуу
Өлкө башчы түздөн-түз эч ким факты менен кайрылбаса дагы тиешелүү органдар иштеп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Эл арасында "бул партия ушинтип жатыптыр, тиги партия сатып алыптыр" деп айтып жатышат. Бирок ал боюнча кайрылган факты жок. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, журналист өлкө башчыга "Сиз шайлоону таза өткөрөбүз дедиңиз эле. Бирок ага карабай, акча сунуштап, кысымга алып жаткан айрым көрүнүштөрдү жоюуга күчүбүз жетпейби? Же коом өзү ушуга барып жатабы?" деген суроо узаткан.

"Мен шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү үчүн президенттен талап кылынган бардык милдеттерди аткардым, дагы да аткарам. Бирок бул процесс президент, өкмөт, БШКдан эле көз каранды эмес. Ал партия, анын ичиндеги талапкер жана шайлоочудан да көз каранды. Добуш сатуу фактылары катталса, тиешелүү тараптар жазаланат. Тилекке каршы, шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, "ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып алыптыр" деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен да угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок бул боюнча факты жок. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиштер", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы түздөн-түз эч ким факты менен кайрылбаса дагы тиешелүү органдар иштеп жатканын белгиледи.

"Добуш сатуу менен коом да күрөшүүсү керек. ЖМКлар элди добуш сатпоого чакырып жатат. Аны көрүп, угуп атам. Муну күчөтүш керек. Паспортун алып кетип, тең акчасын кийин беребиз деген сөздөр чыгып жатат. Мунун үстүндө да органдар иштөөдө. Бирок иш жүзүндө "менин паспортумду алып кетти" деп кайрылгандар жок болууда. Паспорт ар бир адамдын жеке документи, аны эч кимге бербесин. "Ага сал, буга сал" деп эч ким мажбурлай албайт. Кимге добуш бергенин эч ким билбейт, аны билген технология азыр жок. Кимге добуш бересиң, өз эркиң", — деди президент.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0