БШК "Кыргызстан" партиясы менен төрага Жумабековдун маселесин караган жок

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖК төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
ЖК төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактардагы сүрөттөрдөн улам ЖК спикери, депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековду же ал кирген “Кыргызстан” партиясын жарыштан четтетүү сунушталган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-сентябрда, "Кыргызстан" партиясынын маселесин талкуулаган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Буга чейин "Кыргызстан" партиясынан депутаттыка талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Анда көз жарган келинге өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан сүйүнчү катары 50 миң сом бергени айтылып, жакынкы жылдары мамлекет наристелүү болгон ар бир үй-бүлөгө ушундай каражат төлөп берерин убадалаганы жазылган.

Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

Атыр Абдрахматова ЖК төрагасы административдик ресурсту колдонгонун айтып, бүгүнкү БШКнын жыйынында Дастан Жумабековду же ал кирген "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирген.

"Бул маселе БШК отурумунун күн тартибине киргизилген жок. Себеби БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы болушту. Алар алгач материалдарды карап чыгып, даярдап, андан кийин гана жыйынга алып чыгуу керектигин айтышты", — деди Абдрахматова.

Ал бул маселе боюнча жыйын качан болорун билбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0