Азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатат. Тизме

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгондордун төрттөн үч бөлүгү кайрадан парламентке келүүгө ниет кылууда.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт.

Sputnik Кыргызстан редакциясы партиялардагы тизмеден талапкер болгон учурдагы депутаттарды санап чыкты. Материалга жакында эле мандатын тапшырып, эл өкүлүнүн креслосуна кол сунгандар да киргизилди.

Партиялар тизмедеги депутаттар боюнча тизмектелди.

"Биримдик"

"Биримдик" менен 29 парламентарий бара жатат. Алардын 14ү алтынчы чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген.

Алар:

Төрөбай Зулпукаров (№3) — парламентте бешинчи чакырылыштан бери келе жатат;

Евгения Строкова (№ 4);

Аида Касымалиева (№ 8) — ЖКнын вице-спикери;

Марат Аманкулов (№ 11);

Улан Примов (№ 17);

Азамат Арапбаев (№ 19) — 2008-2010-жылдары төртүнчү чакырылыштын депутаты;

Асылбек Жээнбеков (№ 27) — 2007-жылы төртүнчү, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылыштын депутаты жана кийин ЖКнын төрагасы болгон ;

Өмүрбек Бакиров (№ 30) — "Республика — Ата-Журт" партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты;

Бакытбек Жетигенов (№ 35) — бешинчи чакырылыштын депутаты, "Ар-Намыс" менен келген;

Абтандил Кулбараков (№ 39);

Айнура Осмонова (№ 44);

Сайдолимжон Жураев (№ 46);

Айнуру Алтыбаева (№ 52) — "Ар-Намыстан" бешинчи чакрылыштын депутаты болгон;

Нодирбек Каримов (№ 55).

Дагы жети депутат "Республика — Ата-Журт" партиясынын фракциясынан кошулган:

Айбек Алтынбек (№ 13);

Пархат Тулендыбаев (№ 22) — 2007- 2010-жылдары "Ак Жол"партиясынан келип, төртүнчү чакырылышка мандат алган;

Махабат Мавлянова (№ 28);

Сагындык Келдибаев (№ 29);

Динара Исаева (№ 40) — 2007- 2010-жылдары "Ак-Жол"партиясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон;

Нурбек Тотонов (№ 43);

Абдыбек Дүйшалиев (№ 57).

Төрт депутат "Бир Бол" партиясынан келген:

Бакирдин Субанбеков (№ 15);

Жаныбек Бакчиев (№ 26);

Исхак Пирматов (№ 31) — "Республика" партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон;

Бактыбек Турусбеков (№ 71).

Үч депутат "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан кошулган:

Гүлшат Асылбаева (№ 32);

Абдумажит Юсуров (№ 67) — төртүнчү чакырылыштын депутаты;

Абылкайыр Узакбаев (№ 170);

Партияга "Кыргызстан" фракциясынан Айнура Аскарова кирген (№ 89).

"Мекеним Кыргызстан"

Тизмеге 15 азыркы депутат кирген. Алардын жетөө "Республика — Ата-Журт" фракциясынан:

Марлен Маматалиев (№ 7);

Жыргалбек Турускулов (№ 9);

Таабалды Тиллаев (№ 11);

Бактыбек Сыдыков (№ 22);

Бактыбек Райымкулов (№ 25);

Алиярбек Абжалиев (№ 27) — 2005-2007-жылдары депутат болгон;

Тариел Жоробеков (№ 79).

Беш депутат "Мекеним Кыргызстанга" КСДПдан келген:

Искендер Матраимов (№ 10);

Гүлкан Молдобекова (№ 12);

Иса Өмүркулов (№ 26) — ал биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон;

Ильхом Маннанов (№ 33);

Жылдыз Мусабекова (№ 44).

Эки депутат "Өнүгүү —Прогресс" партиясынан, алтынчы чакырылыштан келген:

Мирлан Бакиров (№ 1) — "Республика" партиясынан бешинчи чакырылышта мандат алган, 2017-жылы вице-спикер болуп шайланган;

Осмон Турдумамбетов (№ 54) — парламентке 2020-жылдын 28-августунда келген.

"Мекеним Кыргызстанга" ЖКдагы "Кыргызстан" фракциясынан Урматбек Самаев депутат болуу ниетинде (№ 21).

"Кыргызстан"

Аталган партиянын бүгүнкү тизмесинен 11 эл өкүлүн окууга болот. Алардын көбү алтынчы чакырылыштын депутаттары:

Канат Исаев (№ 1) — бешинчи чакырылышка "Республиканын" тизмеси менен келген;

Нурбек Алимбеков (№ 3) — бешинчи чакырылышка "Республиканын" тизмеси менен келген;

Азизбек Турсунбаев (№ 5) — үчүнчү, төртүнчү чакырылыштын депутаты;

Дастанбек Жумабеков (№ 7) — бешинчи чакырылышта "Ата-Журттун" тизмеси менен келген, ЖК спикери;

Шаршенбек Абдыкеримов (№ 9) — 2011-жылы "Республика" менен парламентке келген;

Салайдин Айдаров (№ 13);

Алмазбек Токторов (№ 43);

Бектен Сыдыгалиев (№ 66).

"Кыргызстандын" катарына "Республика — Ата-Журттан" өткөндөр:

Талант Мамытов (№ 2) "Республика —Ата-Журттан" шайланып, бешинчи чакырылыштын депутаты болгон;

Экмат Байбакпаев (№ 22).

Тизмеден Тазабек Икрамовду табууга болот (№ 27), "Өнүгүү — Прогресстен" алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.

"Кыргызстандын" жети талапкери шайлоого чейин мандатын тапшырган. Алар:

Таалайбек Масабиров (№ 15) сентябрдын башында, Данияр Төлөнөв (№ 10) жана Кубанычбек Нурматов (№ 21) — августта, Руслан Чойбеков (№ 6) — июнда, Жаныбек Исаев (№ 29) менен Алмазбек Эргешов (№ 30) майда кетти.

"Ата Мекен"

Бул партияга жети депутат кирип, кайрадан эл өкүлү болууга аттанды. Алардын төртөө — алтынчы чакырылышка Социал-демократтардын тизмеси менен келгендер:

Жанар Акаев (№ 1) — эки жыл мурда КСДПнын катарынан чыгарылган;

Рыскелди Момбеков (№ 3);

Эльвира Сурабалдиева (№ 4);

Абдывахап Нурбаев (№ 10);

Үчөө мурда эле "Ата Мекенде" болчу:

Наталья Никитенко (№ 8);

Эмил Токтошев (№ 11)

Бахадыр Сулейманов (№ 15) — бешинчи чакырылышта "Ата-Журттан" келген.

"Республика"

Бул партия менен алты депутат талапкер болуп бара жатат. Алардын басымдуу бөлүгү "Республика — Ата-Журт" фракциясы менен ЖКга келгендер:

Мирлан Жээнчороев (№ 1);

Кенжебек Бокоев (№ 6) — "Республика" тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон;

Руслан Казакбаев (№ 11);

Максат Сабиров (№ 13) — "Республика" тизмеси менен бешинчи чакырылышта депутат болгон;

Калдарбек Баймуратов (№ 22).

"Республиканын" 14-тизмесинде КСДПдан келген Аалы Карашев жүрөт.

Мандат үчүн Алтынбек Жунус уулу да жарышка түшөрүн айта кетели (№ 5). Депутаттык мандатынан ал үгүт иштери башталар алдында баш тарткан.

Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

"Социал-демократтар"

КСДП фракциясынын бардык алты депутаты Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү мүмкүнчүлүгүн сынаганы турат.

Ирина Карамушкина (№ 2) төртүнчү чакырылыштан бери депутат;

Анвар Артыков (№ 3) — парламенттеги ишмердүүлүгүн 1990-жылдары Кыргыз ССРинин Жогору Советинин депутаты болуудан баштаган. 2000-жылы ЖКга он жылдык тыныгуудан кийин "Ар-Намыс" партиясы менен кайра шайланган;

Карамат Орозова (№ 5) — төртүнчү жана бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон;

Асел Кодуранова (№ 15) — КСДП фракциясынан төртүнчү чакырылыштын депутаты болгон;

Альфия Самигуллина (№ 25);

Мухтарбек Айнакулов (№ 35).

"Замандаш"

Бул партиянын тизмесинен Жогорку Кеңештин беш депутатын кезиктирдик. Алардын экөө "Замандашка" саясий "Ата Мекен" биримдигинен келген:

Айсулуу Мамашова (№ 8);

Искандер Гайпкулов (№ 33) — кезегинде үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон.

Тизмеде биринин артынан экинчиси турган башка эки депутат алтынчы чакырылышта "Бир Бол" фракциясынан келген:

Алмазбек Акматов (№ 13);

Улугбек Ормонов (№ 14) — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштын депутаты жана "Ак-Жол" фракциясынын лидери болгон.

"Замандаштын" бешинчи тизмесинде Умбеталы Кыдыралиев бар. Ал "Республика — Ата-Журт" партиясынан алтынчы чакырылышта мандат алган.

"Бир Бол"

Алтынбек Сулайманов (№ 10);

Дүйшөн Төрөкулов (№ 13)

Партиялык тизмени баштап бара жаткан Алмамбет Шыкмаматов алтынчы чакырылышка "Ата Мекен" менен депутат болуп келген. Бир учурда фракцияны жетектеп турган. Былтыр партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатынан баш тарткан.

"Мекенчил"

Бул партиянын катарында ЖКнын азыркы эки депутаты бар.

Курманкул Зулушев (№ 7) "Республика — Ата-Журт" фракциясынын алтынчы чакырылышында депутат болгон, андан кийинки тизмедеги Гүлнара Клара-Самат (№ 8) "Ата Мекенден" жаңы "Мекенчилге" өткөн.

"Бүтүн Кыргызстан"

Бул партиянын тизмесинде азыркы депутаттардын бирөө бар, ал — Саматбек Ибраев (№ 9). КСДП фракциясы менен ЖКга апрель айында келип мандатка ээ болгон.

Ушул эле мезгилде "Бүтүн Кыргызстандын" тизмесинин өйдө жагынан мурдагы эки депутат орун алган.

Исхак Масалиев (№ 3) мандатын май айында, Зиядин Жамалдинов (№ 11) августтун аягында тапшырып берген.

Афганистан жана башка локалдык чатактардын катышуучуларынын партиясында, "Ордо", "Реформа", "Чоң Казат", "Ыйман нурунун" тизмесинде ЖКнын азыркы депутаттары жок.

Ошентип, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келип, мандат алуу үчүн азыркы 84 депутат талапкер аттанды. Мандаттарын анча көп эмес убакыт мурда тапшырган бир катар парламентарийлерди эсепке алганда бул сан 94кө чейин көбөйүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0