Жээнбеков: бул шайлоо — бийлик үчүн күрөш, абдан катуу атаандаштык менен өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОчередное интервью "Биринчи радио" президента Сооронбая Жээнбекова
Очередное интервью Биринчи радио президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, каржылык же кээ биринин коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатканын ачык эле айтты.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтө турганы анык. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген кезектеги маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын баамында, атаандаштыкка туруштук бере ала турган да, бере албай турган да партиялар бар.

"Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар. Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бул күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөт деп ойлойм", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков шайлоого аттанган саясатчыларды жоопкерчиликти унутпоого чакырды

Ошондой эле президент партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык же болбосо тигил же бул адамдын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатканын ачык эле айтты.

"Биз азыр парламенттик демократияны куруу аракетиндебиз. Бирок баарыбыз билебиз, парламенттик демократия бир-эки шайлоо менен эмес, бир канча жолкудан кийин калыптанат, өнүгөт. Муну өнүккөн парламенттик системасы бар өлкөлөрдүн тарыхы көрсөтүп турат. Ошол көз караш менен алганда биздеги парламенттик демократия азыр калыптануу жолунда", — деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Депутаттык мандат үчүн 16 партия ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0