Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

© AFP / Andre RinguetteКостюмчан адамдар. Архив
Костюмчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин толук тизмесин берди. Эл өкүлү болом дегендердин арасында 21 жаштагы талапкерлер бар. Эң жаш 10 талапкер менен тааныштырмакчыбыз.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке депутаттыкка бел байлаган партиялардын тизмесинен жок дегенде бирден 21 жаштагы талапкерди табууга болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган тизмеде жазылган.

Эске салсак, депутат болчулардын жаш курагы да мааниге ээ. Аларга коюлган талаптарда жазылгандай, талапкер эң жаш дегенде 21 жашта болушу керек.

Sputnik Кыргызстан БШК берген тизмени дыкат карап чыгып, эң жаш 10 талапкерди таап чыкты.

Үмүт Каттообек кызы 1999-жылы 16-августта туулган. Ал шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен аттанган. Тизмеде 120нчы болуп катталган. Орто билими бар, учурда жумушсуз.

"Социал-демократтар" партиясынан депутаттыкка ат салышчулар. Тизме

Нурлан Талантбек уулу 1999-жылы 15-августта туулган. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 196ынчы орунда. Учурда Кыргыз экономикалык университетинде студент.

Бекбоева Аяна Эркинбаевна 1999-жылы 10-майда туулган. Шайлоого "Ордо" партиясы менен аттанып, тизмеге 92инчи болуп илинген. Учурда ушул эле саясий партиянын катчылыгында иштейт. Жогорку билимди толук алган эмес.

21 жаштагы талапкер "Кыргызстан" партиясында дагы бар. Ал — 1999-жылы 28-апрелде туулган Ылайым Мирлан кызы. Саясий партиянын тизмесинде 68инчи болуп турат. Орто кесиптик билими бар, учурда эч жерде иштебейт.

Исаев Даирбек Даниярбекович 1999-жылы 8-мартта туулган. Шайлоого "Мекенчил" партиясы менен тизмеде 100үнчү болуп бара жатат. Орто кесиптик билим бар. Учурда жумушсуз экени айтылды.

"Биримдик" партиясынын тизмесине кимдер кирди? Аты-жөнү, кызматы

Токтобекова Жылдыз Токтобековна 1999-жылы 18-февралда туулган. Ал "Афганистан согушунун ардагерлери" партиясынын тизмесине 63үнчү болуп илинген. Талапкер Борбор Азиядагы эл аралык университетинде студент.

Заидов Риза-Али Баширович 1999-жылы 5-февралда туулган. "Мекен ынтымагы" партиясынын тизмесинде 94үнчү болуп жазылган. Орто билимдүү, жумушсуз.

Жанышбекова Аяна Нурдиновна 1999-жылы 25-январда туулган. Ал Жогорку Кеңеше "Биримдик" партиясы менен аттанган. Партиянын тизмесинде 194-орунда. Жогорку билимдүү, БГАиКО ЖЧКсында менеджер болуп иштейт.

Алымбеков Дастан Алымбекович 1999-жылы 12-январда туулган. "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде акыркы жазылгандардын бири. Орто кесиптик билим алган. Учурда БШК жетекчисинин катчысы болуп иштейт.

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме

Тургунбекова Арина Канатбековна 1999-жылы 4-январда туулган. Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясы менен аттанып, тизмеде 97инчи болуп катталган. Венгриядагы университеттердин биринде магистрант.

Белгилей кетсек, макалага "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлери кошулган эмес. Анткени БШК алардын тизмесин расмий түрдө жарыялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0