БШК "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышуусуна уруксат берди, сот болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми "Бүтүн Кыргызстан" добуш бере турган бюллетенге кирген 16-партия болуп калды. БШК Жогорку сотко арызданбайт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы боюнча Административдик соттун чечимине нааразылыгын билдирип Жогорку сотко кайрылбайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга макул болбогон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган. Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарынын административдик соту партиянын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди.

Эми "Бүтүн Кыргызстан" добуш бере турган бюллетенге кирген 16-партия болуп калды. БШК Жогорку сотко арызданбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0