ЕЭК сүт азыктарын маркалоонун артыкчылыктарын айтып берди

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСүт азыктары. Архив
Сүт азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия белгилегендей, көзөмөлдөөнүн жаңы түрү рынокту мыйзамсыз сатуулардан коргой алат. Бул маселе ЕЭКтин кеңештер жыйынында ийне-жибине чейин каралат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинде сүт азыктарын маркалоо аны өндүрүүдө да, колдонуучуларга да жардам берет. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

Комиссия белгилегендей, көзөмөлдөөнүн жаңы түрү рынокту мыйзамсыз сатуулардан коргой алат. ЕЭК башчысынын орун басары Ия Малкинанын айтымында, Россиянын 2021-жылдын январынан баштап сүт продукциясын маркалоону киргизүү аракети дагы да талкуулай турчу маселе. Ал ЕЭКтин кеңештер жыйынында ийне-жибине чейин каралат.

"Биз товарларды маркалоо боюнча келишимге кол коюлушун Евразия экономикалык биримдиктин алкагында эске алабыз. Биримдиктин ар бир мүчө мамлекети өз аймагына товарларды маркалоону качан киргизе турганын, убактысын өз алдынча аныктап, ал тууралуу комиссияга кабарлашы керек", — деди Малкина.

Анын ою боюнча, ЕАЭБдин ар бир мүчө өлкөсү өздөрүндө маркаланбаган продукцияны айлантууга тыюу салуу боюнча конкреттүү этаптарды иштеп чыгышы керек. Бул мамлекеттердин рыногундагы товарларды маркалоого кирүү даярдыгына жардам берет.

"Мындай көзөмөлдүн жакшы жактары да бар. Бул колдонуучунун укугун коргоп, рынокто мыйзамсыз айлантууну азайтат", — деди Малкина.

Ал маркалоого өтүү өндүрүшчүлөр арасында атаандаштыкты күчөтө турганын кошумчалаган.

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин көзөмөлдөөчү органы. Ал 2012-жылы февраль айында түзүлгөн. Биримдиктин курамында Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Россия бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0