"Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп, шайлоого катышмай болду

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиянын даттануусун бүгүн Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева карады.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди.

Партиянын даттануусу 7-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунда каралып, тараптар "Бүтүн Кыргызстанды" жарыштан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары чакырууну суранышкан. Буга байланыштуу сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

Жараянга судья Анар Эгембердиева төрайымдык кылды.

Күбө катары БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Алмаз Асаналиев, "Бүтүн Кыргызстандын" съездине катышкан БШКнын өкүлү Тагай Абдысатаров көрсөтмө берди.

Сот партия курултайда жашыруун талапкерлерди көрсөтүү боюнча добуш берүүдө мыйзам бузуу катталган жок деп тапты.

Бул учурда сот имаратынын алдына партиянын жүздөгөн тарапташы келип "Акыйкат чечим", "Шайлоого катышсын" деп кыйкырып турушту.

"Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан. Буга макул болбогон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0