Партиялар кайсы күнү ким менен теледебатка чыгат? Убакыт-сааты

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРК каналынын студиясы. Архив
КТРК каналынын студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага чейин партия лидерлери, андагы аялдар жана жаштар өз-өзүнчө дебатка чыгышмакчы.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар кайсы күндөрү теледебатка чыгарын айтты.

Билдирмеге ылайык, дебаттар 28-сентябрда башталып, октябрдын ортосуна чейин уланат. Ага партия лидерлери катышмакчы. КТРКдагы эфирдик убакыт — саат 20:00дөн 23:00гө чейин.

28-сентябрда дебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекеним Кыргызстан";
  • "Социал-демократтар";
  • "Реформа";
  • "Ата Мекен";
  • "Ордо".

30-сентябрда дебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекен Ынтымагы";
  • "Бир Бол";
  • "Ыйман Нуру";
  • "Кыргызстан";
  • "Республика".

2-октябрда теледебатка чыкчу партиялар:

  • "Мекенчил";
  • Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы;
  • "Чоң казат";
  • "Замандаш"
  • "Биримдик".

Буга чейин ар бир партия 7-9-11-сентябрда 10 мүнөттөн элге кайрылуу жасашат.

Мындан сырткары, 21-23-25-сентябрда аял-талапкерлердин теледебаттары болот. Ал эми партиялардын жаш өкүлдөрүнүн дебаты 14-16-18-сентябрда өтмөкчү.

Маалым болгондой, талапкерлер менен түз байланыш да уюштурулат. Ал 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин уюштурулат.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо өлкөдө 4-октябрда өтмөкчү. Азырынча 15 партия каттоодон өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0