Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде тыюу салынган 10 учур. Тизме

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн кызуу убак башталды. Шайлоо үгүт иштери бүгүндөн тарта старт алып, бир айга созулат.

Бул маалда талапкерлер жана шайлоого катышкан партиялар эрежелерди бекем сактоого тийиш. Жаза тайган бир аракет же бир сөз шайлоо өнөктүгүнөн четтетилип калышына себеп болушу мүмкүн. Sputnik Кыргызстан талапкерлерге жана партияларга белгиленген мезгил аралыгында эмнелерге тыюу салынганын эскертип коюуну туура көрдү.

Бүгүн, 4-сентябрдан тарта, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштерине расмий түрдө уруксат берилди. Ат салыша турган саясий партиялар шайлоочуларды тартуу үчүн өз шайлоо кампанияларын баштайт. Бул ишмердикке туура бир ай берилген, ал добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулууга тийиш.

Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме

Үгүт иштеринде талапкерлер "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзам менен бекитилген эрежелерди бекем сактоого милдеттендирилет. Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлер так билүүгө тийиш болгон урунттуу учурларды топтодук.

Үгүт иштери деп:

  • тигил же бул бир талапкерге же ага каршы добуш берүүгө үндөө;
  • кайсы бир талапкер же партияларга артыкчылык берүү менен белгилөө;
  • талапкерлерди шайлоо же аларды шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
  • талапкерлердин кызматтык милдеттерине байланышпаган ишмердиги боюнча маалымат жайылтуу болуп саналат.

Үгүт иштерин баракча таратуу, коомдук иш-чараларды (митинг, жыйын, дебат) өткөрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүгө болот. Стадион жана көчөлөрдөгү концерт жана оюндар, ошондой эле спорттук иш-чаралар буга кирбейт. Үгүт иштеринин башкача түрлөрү болушу мүмкүн, башкысы мыйзам чегинде болуусу кажет.

Үгүт иштери талапкерлерди чыгарган партиянын шайлоо фондунан гана каржыланарын көңүлгө бекем түйүп алган оң.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилди

Шайлоо өнөктүгүндө эмнелерге тыюу салынат?

Шайлоо белгиленген учурдан тарта шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине тыюу салынат. Кеп мында акча таратуу жөнүндө гана эмес, муну менен катар:

  • белек-бечкек же башка материалдык баалуулуктарды тартуу кылууга;
  • товарларды арзандатуу акцияларын өткөрүүгө;
  • басып чыгарылган үгүт материалдары, белги, партиянын символикасы түшүрүлгөн футболка же башка буюмдардан тышкаркы бардык товарларды бекер таратууга;
  • кайтарымсыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.

Иш акысы эгер эмгек мамилесинин чегинде, жазуу түрүндө катталып, шайлоо фондунан төлөнгөн болсо, ал добуш сатып алуу болуп эсептелбейт.

Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жолдошу/жубайы жана партиялардын өкүлдөрү кайрымдуулук менен алектене алышпайт. Буга шайлоо белгиленген учурдан анын жыйынтыгы жарыяланганча тыюу салынат.

Улуттук, диний жана башка кастыкка чакырган социалдык артыкчылыкты үгүттөөгө, бийликти басып алуу жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга үндөөлөргө, согушту пропагандалоого, маалымат каражаттарында чагылдыруу менен бөлөк өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлери жана саясатчыларынын катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле алар менен чогуу түшкөн сүрөт жана видеоматериалдарды пайдаланууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат. Мындай эреже бузууда Борбордук шайлоо комиссиясы партиянын каттоосун жокко чыгарып коё алат.

Шайлоо кампаниясына катышкандардын баары атайын жалган маалыматтарга таянган жана талапкерлердин же партиянын абийирине, ар-намысына, ишмердик беделине доо кетирчү материалдарды чыгарууга жол бербөөгө тийиш.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн эфирдик убакытты, басып чыгарылчу продукцияны жана аянтчаны талапкер же партия атаандаштарын каралоого колдоно албайт.

Үгүт жүргүзүүгө жана ушул өңүттөгү материалдарды чыгарууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик саясий кызматтарды (ЖК депутаттарынан тышкары), атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды (жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан сырткары) аркалагандар;
  • шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар (анын ичинде эл аралык);
  • диний ишмерлер;
  • кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү жана мүчөлөрү;
  • жашы жете электер;
  • чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар.

Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме

Эстеликтер жана тарыхый, маданий жана архитектуралык баалуулукка ээ имараттарга, шайлоо комиссияларына, добуш берүү үчүн бөлүнгөн жайларга үгүт материалдарын илүүгө болбойт. Ошондой эле бак-дарак, тоо чокуларына, тоо бооруна, төш-дөңсөөлөр жана башка табигый бийиктиктерге да кандай түрдө болбосун үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат.

Баштапкы маалыматтары (буюртмачынын аты-жөнү, даярдаган уюмдун аталышы жана башка маалыматтары) көрсөтүлбөгөн үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Кыргызстандагы чет өлкөлүк маалымат каражаттарында үгүт жүргүзүлбөйт. Ошондой эле үгүт материалдары өлкө чегинен тыш даярдалбайт.

Бүт өлкөгө көрсөтүлчү дебат жана ушул өңдүү иш-чараларга партиялардын өкүлдөрү жана колдоо тобу киргизилбейт (талапкерлер жеке катышууга тийиш).

Дагы бир урунттуу учур: үгүт материалдарынын бирден кем эмес пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн даярдалышы абзел (сурдокотормо, Брайль шрифти же башка атайын каражаттар).

Шайлоо өнөктүгү маалында негизги тыюу салуулар ушулар. Шайлоо кампаниясында дагы эмнелерге тыюу салынганы туурасында КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамды барактоо менен тааныша аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0