Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

Жазылуу
Шайлоого, тагыраагы, 4-октябрга бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл. Бул мыйзамда каралган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүттөө иштери башталды.

Үгүт иштери туура бир айга созулат. Шайлоого, тагыраагы, 4-октябрга бир сутка калганда партиялар бул ишти токтотушу зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган 15 саясий партияны каттады. Алар:

  • "Ата Мекен";
  • Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы
  • "Бир Бол";
  • "Замандаш";
  • "Мекен Ынтымагы";
  • "Мекенчил";
  • "Ыйман Нуру";
  • "Республика";
  • "Реформа";
  • "Ордо";
  • "Мекеним Кыргызстан";
  • "Социал-Демократтар";
  • "Биримдик";
  • "Кыргызстан";
  • "Чоң казат".

Коопсуздук кеңеши: партиянын пайдасына иштеген аткаминер жазаланат

Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" жана "Актив" партиялары эреже бузгандыктан, шайлоого катышуудан четтетилди.

Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0