Шайлоо: Россиядагы мекендештер 11 жерден добуш бере алат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бир айдан кийин өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн 11 шайлоо участкасы бекитилди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү КРдин элчилиги билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат.

Парламенттик шайлоого даярдык: Римде, Парижде да добуш беришмекчи

Алгачкы эки шайлоо участогу (№ 9001 жана № 9005) КРдин Москва шаарындагы элчилигинде жайгашкан;

  • № 9002 — элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9003 — элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9004 — элчиликтин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9006 — элчиликтин Якутск шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9007 — элчиликтин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9009 — Екатеринбург шаарындагы башкы консулдукта;.
  • № 9010 — Новосибирск шаарындагы башкы консулдукта;
  • № 9013 — элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;
  • № 9014 — элчиликтин Сургут шаарындагы кеңсесинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0