Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Чүй облусун кыдырат

Жазылуу
Өлкө башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусун кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өлкө жетекчиси иш сапарынын алкагында Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

Коопсуздук кеңеши сот менен күч түзүмдөргө бир нече милдет жүктөдү. Тизме

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын жумушу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун канчалык деңгээлде аткарылып жатканын көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0